Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы жеке ооруканаларда эки бейтап көз жумганын билдирди.
Ал УЗИ аппараты жок клиникалар операцияларды жасап жатышканын айтып, буга Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көзөмөл жакшы болбой жатканын белгиледи.
"Мунун кесепетинен бир эркек киши көз жумду. Алар 3 күн УЗИге тартырбай кармап жата берген. Анын туугандары "жеке клиникаларды ким көзөмөлдөйт?" деп кайрылып жатат. Эки жума болуп калды окшойт, социалдык тармактарда резонанс жараткан 24 жаштагы кыз туура эмес операциянын кесепетинен көз жумган", - деди Исатбек кызы.