Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин Жеңиш күнүндө ок атышпоо тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Зеленский убактылуу эмес, согушту толук бүтүрүү үчүн ок атышууну токтотууну сунуштады.
Зеленский Путиндин сунушун "манипуляциянын кезектеги аракети" деп атап, "парад учурунда Путинге тынчтык керек үчүн" ок атышууну токтотууга дагы бир жарым жума күтүү керек экенине таң калганын билдирди.
"Биз парадды эмес, адам өмүрүн баалайбыз. Ошондуктан 8-майды күтүүгө эч кандай негиз жок деп ишенебиз, дүйнө да ошондой деп эсептейт. Ал эми кайра адамдарды өлтүрүш үчүн отту бир нече күнгө өчүрүш керекпи? Кеминде 30 күнгө ок атышууну токтоосуз, толук жана эч кандай шартсыз токтотуу керек. Бирок бул кадамдар кепилденген жана ишенимдүү болушу шарт", - деп билдирген Зеленский басылмаларга.
Белгилей кетсек, буга чейин Путин Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай 3 күнгө ок атышпоо келишимин сунуштаган.