Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди сынга алды.
Жыйында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.
Ал мыйзамдын негиздеме-маалым катын министр өзү жазганын белгилеп, аны окуп, иштеги кемчиликтерин моюндаганы үчүн Ажикеевди "азамат" деп атады.
"Биз начар иштедик" деп өзүн-өзү жазып жатат го. Азамат экен! Ушуну моюнуна алып, Жогорку Кеңешке киргизген. "Түшүндүрүү иштери жетишсиз болгон" дейт. Бул министр канча жыл иштеди? Менин оюмча, бул киши чарчады да", - деди Акаев.
Ошондой эле депутат аталган мыйзамга каршы экенин айтты.