
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки көмүр кени ачылат. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, “У Линь Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр кени 2025-жылдын аягына ачылуусу күтүлүүдө. Ишкана жылына 1 миллион тонна көмүр өндүрүп, 300 адамды жумуш менен камсыз кылат. Аны ишке киргизүү үчүн керектелүүчү акча каражаты 40 миллион долларды түзөт, учурда 5 миллион доллары жумшалган.
Ал эми “Мурас-1” ЖЧКга таандык экинчи көмүр кендин кубаттуулугу жылына 800 тонна. Учурда ишкананын курулушуна 9 миллион сом жумшалган. Жалпы керектелүүчү акча каражаты 11,2 миллион сомду түзөт. Ишкананы жыл аягында пайдаланууга берүү пландалган.
Белгилей кетсек, аймакта 2025-жылдын аягына облуста 13 ири өнөр жай ишканасынын ачылуусу пландалган.