Индия Пакистан менен аба мейкиндигин жабууну пландоодо

Индия өзүнүн аба мейкиндигин жана портторун Пакистан үчүн жабууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусиянын "РИА новости" басылмасы жазды.

Мындай учурда Пакистан Азиядагы өлкөлөргө жетүү үчүн Кытай же Шри-Ланка аркылуу учактарынын багытын өзгөртүүгө туура келет. Пакистандын эл аралык аба жолдору Сингапур, Таиланд, Куала-Лумпур, Малайзия жана башка көптөгөн өлкөлөргө жетүү үчүн Индиянын аба мейкиндигин колдонуп келет.

Кашмирде 27 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуудан кийин өзөктүк куралы бар атаандаштар Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу күчөдү. Индия Пакистандын өлкөдөгү элчиликтеринин санын кыскарта баштады, ал эми Пакистан өз кезегинде Индия менен бардык соодасын токтотуп жатат.

Эске салсак, 23-апрелде Кашмирдеги Пахалгам шаарында туристтерге ок атылып, 27 адам каза болуп, ондогон адам жарадар болгон. Бул аймак Индия тарабынан көзөмөлдөнөт, бирок Пакистан ага көптөн бери доомат кылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан