Испания менен Португалияда электр энергиясы толугу менен өчүрүлүп, телефон байланыштар үзгүлтүккө учурады. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалымдалгандай, электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн себептери азырынча тактала элек. Блэкаут учурунда коомдук транспорт, светофорлор жана айрым кызматтар иштебей, Мадрид менен Барселонанын айрым жерлеринде поезд каттамдары дээрлик токтоп калган.
Испаниянын өкмөтү өлкөдөгү ири электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандан кийин чукул жыйын өткөрүп, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Электр энергиясынын өчүрүлүшү миңдеген жүргүнчүлөрдү тейлеген Лиссабон аэропортунун ишин токтоткон.
28-апрелде кечинде Испанияда электр тармагындагы мүчүлүштүк 50 пайызга калыбына келтирилгендигин премьер-министр Педро Санчес билдирген. Учурда калыбына келтир иштеринин 90 пайызы аткарылган.
Электр энергиясынын өчүрүлүшү Франция, Бельгия и Андоррага да залакасын тигизгенин басылмалар белгилешти.