Өзбекстанда мектеп директору сабак учурунда окуучу кыздарга кол көтөрдү. Себеби (видео)

Социалдык тармактарда Өзбекстандын Хорезм облусундагы мектептин директору окуучу кыздарга физикалык күч колдонгону тартылган видеолор тараган.

Өзбек басылмалары билдиргендей, окуя 7-апрелде Кошкөпүр районундагы №14 мектепте болгон.

Хорезм облусунун билим берүү башкармалыгы аталган мектептин директору сабак учурунда 11-класстар отурган кабинетке кирип, бир нече окуучу кызды чачын жайып алганы үчүн урушкандыгын билдирген. Ошондой эле мугалим физикалык күч колдонуп, мектеп окуучулары менен жаңжалдашканы айтылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында билим берүү мекемесинин жетекчиси административдик жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары педагогикалык этиканын нормаларына туура келбеген аракеттери үчүн сөгүш түрүндө тартиптик жазага алгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Ал эми видеодо кыздардын чачын жайып алганы байкалган эмес.

Өзбекстанда мектеп директору сабак учурунда окуучу кыздарга кол көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан