
Бишкек шаарындагы №1 орто мектептин имаратынын бир бөлүгүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2009-жылдан баштап ээлик кылып келе жаткан жаран 1994-жылы мектептин имаратынын бир бөлүгү мурдагы менчик ээлери тарабынан ажыратылып алынганы мыйзамсыз экенин түшүнүп, аталган мекемеге болгон укукту жер участогу менен бирге ыктыярдуу жана акысыз түрдө мамлекетке берди.
"2009-жылдан азыркы учурга чейин имараттын аталган бөлүгү жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемеси катарында пайдаланылып келген. Балдар бакчасынын жетишсиздигин эске алуу менен, аталган объектти мындан ары да билим берүү ишмердүүлүгү үчүн пайдалануу максатында объекттин мурдагы ээси менен ижара келишими түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.