
2025–2026-окуу жылына Монголия Улуттук университети эки кыргызстандык студентти кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Кабарлангандай, аталган өлкөдө билим ала турган кыргызстандык студенттер Монголия өкмөтүнүн стипендиясына ээ болушат.
Стипендия төмөнкү чыгымдарды камтыйт:
- Монгол тили боюнча бир жылдык даярдык курсу;
- Бакалавриат программасында 3,5–4 жыл окуу (тандалган адистикке жараша);
- Жатаканада жашоо чыгымдарын жабуу үчүн ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул.
Сынакка катыша турган студенттер тууралуу маалыматтар ушул жылдын 1-июнуна чейин Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу департаментине төмөнкү электрондук даректер аркылуу жөнөтүлүшү керек:
sergelenod@moe.gov.mn, enkhbayar@moe.gov.mn