Көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына бала бакча жана мектеп ачууга уруксат берилди 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына менчик мектеп, бала бакча ачууга уруксат берилгенин билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасында тиешелүү буйрукка кол коюлганын жарыялап, мындай чечим бала бакчалар менен мектептердеги жетишсиз орундар көйгөйүн чечерин белгиледи.

"Биз башка өлкөлөрдүн бул жааттагы тажрыйбасын карап чыктык. Санитардык нормалар боюнча маселелерди изилдеп, мындай нормаларды колдонууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрдүк...

Бүгүнкү күндө курулуш нормалары абдан катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт. Бардык көп кабаттуу үйлөрдө жана турак жай комплекстеринде балдар аянтчалары бар жана алар күндүз көп учурда бош турат. Демек, бул аянтчалар түз максаты боюнча колдонулушу керек.

Мамлекеттик органдар өлкөнүн бардык аймактарында зарылчылыкка жараша мектептер менен бакчаларды куруп келет жана мындан ары да кура берет. Ар бир жаран акысыз билим алууга укуктуу. Бул долбоор жеке мектептер менен бакчаларга гана тиешелүү", - деп жазды Орунтаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан