
Фейсбукта тарап жаткан өспүрүмдөрдүн ажаткананын ичинде мушташып жаткандагы видео Кыргызстанда болгон окуя эмес. Мындай билдирүүнү Билим берүү жана илим министрлиги таратты.
Мекеме маалымдагандай, аталган окуя Казакстандын Илий районундагы Караой айылында болгондугу расмий түрдө тастыкталды.
Министрлик жарандарды тастыкталбаган маалыматтарды жана видеоматериалдарды таратуудан оолак болууга жана расмий булактарга гана таянууга чакырат.