Путин Орусиядагы аэропортту "Сталинград" кылып өзгөрттү

Орусиянын президенти Владимир Путин Волгоград облусунун ардагерлери Андрей Бочаров тарабынан Волгоград аэропортуна "Сталинград" тарыхый аталышын берүү өтүнүчүн колдоду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

"Бардыгы менден сизге аэропорттун атын "Сталинград" кылып өзгөртүү тууралуу кайрылуу кылуумду суранышты. Мени колдоп коюңуз, Владимир Владимирович!" - деген Бочаров.

Президент андан мындай сунушту ким айтканын сураганда, Бочаров демилгени аскерий операциянын катышуучулары жана ардагерлер көтөргөн деп жооп берди.

"Алардын сөзү мен үчүн мыйзам. Келгиле, ошону кылалы. Мен Москвага кайтып барарым менен аэропортко "Сталинград" деген ат берүү боюнча жарлык даярдалып, ага кол коюлат", - деп жооп берген Путин.

Кремль Путин Москвага барары менен Волгограддагы аэропортту "Сталинград" кылып өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан