Бишкекте эки милиция кызматкери баңгизат сатууга шектелүүдө

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкери баңгизаттарды сатып жүргөндүгү аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, атайын кызмат Бишкек ШИИБинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган башкармалыктын ыкчам кызматкерлери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөндүгүн аныктады.

"29-апрелде дагы бир ири дозаны өткөрүп берүү учурунда милициянын капитаны Б.Д., ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты Г.М. кармалды. Белгиленген кызматкерлердин жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңги каражаттары табылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган милиционерлер Б.Д. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, ал эми Г.М. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан