УКМК Балыкчы шаарынын аймагында канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 гектар жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.
Атайын кызматтын маалымат борборунан билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттик баланска кайтарылды.
Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.