Сирияда Башар Асаддын атасынын сөөгү уурдалды

Аскердик кийимчен куралчан адамдар Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын атасы Хафез Асаддын сөөгүн Кардаха шаарындагы мүрзөдөн алып чыгып, белгисиз тарапка алып кетишти. Бул тууралуу Syria TV телеканалы билдирди.

"Мурунку президент Хафез Асаддын сөөгү көмүлгөн мүрзө кайра казылды. Белгисиз адамдар мүрзөдөн Асаддын сөөгүн алып чыгып, белгисиз тарапка алып кетишти", - деп айтылат телеканалдын сайтында.

Белгиленгендей, мүрзөнү аскер кызматкерлери казып жатканын жергиликтүү тургундар байкап калышкан.

Бул үй-бүлөлүк күмбөзгө жасалган биринчи кол салуу эмес. 2024-жылдын декабрында Башар Асад кызматтан кеткенден бир нече күн өткөндөн кийин белгисиз адамдар мүрзөнү өрттөшкөн.

Мүрзөдө Хафез Асаддын жубайы Аниса Махлуф жана улуу уулу Басиль да коюлган. Алардын көмүлгөн жерлери жабыркадыбы же жокпу белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан