Кечээ, 29-апрелде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн даярдалган "Амантай менен Айтуяк" аттуу жаңы анимациялык тасманын автору жана режиссёру Айбек Дайырбеков, ошондой эле сценарийдин автору Токтобек Үсөнов билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү министринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда мультфильмдин 12 сериясына карата кыскача мазмундары сунушталып, алар боюнча пикирлер жана сунуштар айтылды.
Анимациялык сериалдын сценарийинде төмөнкү баалуулуктар чагылдырылган:
Бул мазмундук линиялар тажрыйбалуу тарбиячылар жана мектепке чейинки билим берүү тармагынын эксперттери менен биргеликте иштелип чыккандыгы маалыматта кошумчаланган.