Бишкекте 26 жаштагы жигит жубайын кызганычтан улам ур-токмокко алган. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кечээ, 29-апрелде социалдык тармакта аял кишини аёосуз сабап жаткан эркек адамдын видеосу тараары менен фактыны каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Натыйжада 26 жаштагы жигит аныкталып, райондук милицияга алынып келинген.
Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө чыр кызганычтан улам чыкканы белгилүү болгон. Анын жубайы арыз жазуудан баш тарткан. Бирок ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.