12-майдан 16-майга чейин Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 129-чакырымында жүргүзүлөт. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат.
Жумуш саат 09:00дөн 15:00гө чейин болот. Иш учурунда транспорт каражаттары жолдун бир тилкеси аркылуу өткөрүлөт.