Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын орун басарлыгына Жылдыз Садырбаеванын талапкерлиги жактырылды.
Добуш берүү жашыруун өттү. Добушту саноо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Балбак Түлөбаев 78 эл өкүлүнүн 76сы "макул", 2 депутат "каршы" бергенин билдирди. Жыйында аны кызматка бекитүү боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому да кабыл алынды.
Садырбаева "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын атынан шайланды.
Буга чейин "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын квотасы менен парламенттин вице-спикери болгон Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырган.