"Компаньон Банкы" жана "Тазалык" өз ара кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту

"Компаньон Банкы" ЖАКы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы өз ара кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюшту. Бул документ туруктуу өнүгүү, шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу жана биргелешкен социалдык демилгелерди ишке ашыруу багытындагы келечектеги өнөктөштүктүн негизин түздү.

«Компаньон Банкы» тарабынан Макулдашууга Ольга Шин, маркетинг жана коммуникациялар боюнча башкаруучу директор кол койду. «Тазалык» тарабынан Макулдашууга Жолдош Чуштуков, ишкананын директору кол койду.

Макулдашуунун негизги максаты — төмөнкү багыттар боюнча идеялар жана ресурстар менен бөлүшүү үчүн аянтча түзүү:
  • айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык билим берүү;
  • социалдык жоопкерчиликти жана шаардыктардын катышуусун арттыруу;
  • бизнес менен муниципалдык түзүмдөр ортосундагы ачык жана этикалык кызматташууну өнүктүрүү.
Өнөктөштүк алкагында Бишкектин жаңы конуштарында, таштанды чогултуу үчүн зарыл инфраструктура жетишпеген жерлерде көчө таштанды челектерин орнотууга колдоо көрсөтүү пландалууда. Бул аракет шаардык чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү багытындагы биринчи кадам болуп, тургундардын экологиялык маданиятын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

«Биз биргеликте бир жолку акцияларды гана уюштурбастан, узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызмат кылган системалуу чечимдерди жарата алабыз», — деп белгиледи «Компаньон Банкынын» маркетинг жана коммуникациялар боюнча башкаруучу директору Ольга Шин.

Пилоттук долбоор Бишкек шаарынын Первомай районунда ишке ашырылат. Өзгөчө көңүл социалдык жактан аялуу катмардагы тургундарды колдоого бурулат. Долбоордун каржылоосу Банк Компаньондун корпоративдик социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында жүргүзүлөт.

Макулдашууга кол коюу Банктын экосоциалдык демилгелер жаатындагы стратегиясынын мыйзам ченемдүү уландысы болуп калды.

МИ «Тазалык» шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү жаатындагы негизги өнөктөш катары жоопкерчиликтүү бизнес менен кызматташууну бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртуу багытында маанилүү кадам катары баалайт.

Тараптар бул Макулдашууга кол коюу маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жана туруктуулук принциптерине негизделген башкарууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан