"Ош базарында" соода кылган аял дайынсыз жоголду

Бишкек шаарында 1991-жылы туулган Мамбетсадык кызы Толгонай изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрель күнү Ленин РИИБине Д.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымына караганда, 34 жаштагы Мамбетсадык кызы Толгонай 5-март күнү саат 17:00дөр чамасында "Ош базарында" соода кылып жүрүп, дайынсыз жоголгон. Учурда кайда экени белгисиз болууда.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталып, издөө иштери жүрүүдө.

Белгилери: бою 150 сантиметр, дене түзүлүшү арык, чачы кара. Жоголгон учурда кара күрмө жана кара шым кийип жүргөн. Өзгөчө белгилери: психикалык оорулар менен жабыркайт.

Көргөн-билгендер төмөнкү номурларга байланышса болот: (0312) 35-26-05, 0550 336 680, 0707 336 68

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан