Жалал-Абад облусунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар өлкөнүн түштүгүнө жана Өзбекстанга сатуу үчүн баңгизаттарды Тажикстандан ташып келип турушкан.
Төрт шектүү Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылында жана Шамалды-Сай шаарында баңгизаттарды сатуу учурунда колго түшүшкөн. Ошондой эле кылмыштуу схеманын уюштуруучусу, 50 жаштагы киши салмагы 17 килограмм болгон ооган гашиши менен кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.