Грузиянын Тбилиси шаарында "Вокзальная площадь" метро станциясынын жанындагы базар өрттөнүп кеткендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, өрт таңкы саат 6:00дөр чамасында экинчи кабатта жайгашкан бут кийим дүкөнүндө чыккан. Окуя болгон жерге онго жакын өрт өчүрүүчүлөр барган. Өрт бир нече сааттан бери көзөмөлгө алынууда.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт кийим-кече, жашылча-жемиш кампаларын, ошондой эле башка сактоочу жайларды каптаганын билдирген. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок экендиги кошумчаланган.