Адылбек Касымалиев Жапониянын юстиция министрин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө иш сапары менен келген Жапониянын юстиция министри Кэйсуке Сузукини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды жана мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле "Борбор Азия – Жапония" форматындагы мамлекет башчыларынын биринчи саммитине карата даярдыктар талкууланып, Касымалиев Кыргызстан бул демилгени толук колдоорун жана кызматташуунун жаңы форматына чоң маани берерин билдирди. Ал Жапонияны 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине жогорку деңгээлде активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде юстиция министри Кэйсуке Сузуки жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Жапония Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан