Ozon Holdings PLC 2025-жылдын 1-кварталы үчүн аудиттелбеген финансылык жыйынтыктарды жарыялайт. Түзөтүлгөн EBITDA 30,2 миллиард сомду түзгөн кварталдык рекорддук көрсөткүчкө жетти, ал эми чыгым 40 пайызга кыскарды.
2025-жылдын 1-кварталындагы киреше 54 пайызга көбөйүп, 161,4 миллиард сомго жетти. Кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда жүгүртүү (GMV) 47% көбөйүп, 780 миллиард сомго чейин жетти. Кыргызстандагы Ozon’дун 2025-жылдын 1-кварталы үчүн жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 эсе тезирээк өстү. Ozon’до Кыргызстандагы жигердүү сатуучулардын саны бир жылда дээрлик 3 эсе көбөйдү.
Сатып алуучулар үчүн сервистерге инвестиция жасап, кампа инфраструктурасын кеңейтүү менен компания жигердүү сатып алуучулардын базасын арттыра алды: 2025-жылдын 1-кварталында алардын саны 9 миллионго көбөйүп, 58 миллионго жетти. Кыргызстанда кардарлардын саны андан да ыкчам көбөйүп жатат – жылдан жылга 3 эседен ашык өсүүдө. Сатып алуулардын жыштыгы да өсүүдө: орточо алганда, ар бир сатып алуучу жылына Ozon’дон 27ден ашык буйрутма берет – бул өткөн жылга караганда 5ке көп дегенди билдирет. Натыйжада, 2025-жылдын алгачкы үч айында компания кардарларга 441 миллион буйрутманы жеткирди (+44%). Кыргызстанда буйрутмалардын саны да байкаларлык өстү – жылына дээрлик 4 эсеге көп.
Компания кампалардын аянтын 3,6 миллион чарчы метрге чейин көбөйттү. Кыргызстанда компаниянын логистикалык кубаттуулугуна Бишкектеги сорттоо борбору жана Дордой базарынын аймагындагы буйрутмаларды кабыл алуу пункту кирет. Мындан тышкары, компания буйрутмаларды кабыл алуу пункттарынын тармагын да жигердүү өнүктүрүп жатат.
* Рублдик көрсөткүчтөр сомго 2025-жылдын 1-кварталынын орточо курсу боюнча которулду.
Компания Казакстанда, Арменияда, Беларуста, Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Грузияда, ошондой эле Кытайда жана Түркияда бизнес жүргүзөт. Ozon аянтчасы китептерден жана кийимдерден баштап, ден соолук үчүн керектүү азыктардан жана товарларга чейин 20дан көп категорияда 370 миллиондон ашык товарды сунуштай алат. 58 миллион жигердүү сатып алуучу Ozon’дун өнүккөн логистикалык инфраструктурасынын жардамы менен буйрутмаларын алып жатышат. Аянтча ошондой эле 600 миң ишкерге өз товарларын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө сатууга мүмкүнчүлүк берет.