Талас шаарында токтоп турган унааны айдай канчан делип 45 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камчыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрелде башкармалыкка шаар тургуну үйүнүн алдында турган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасын таппай калганын айтып, кайрылган.
Анын негизинде унааны издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 45 жаштагы киши айдап качып бара жаткан жеринен кармалган. Ал милиция бөлүмүнө жеткирилди.