Милиция кызматкерине зомбулук көрсөткөн жарандарга карата кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
5-апрелде саат 22:00 чамасында милицияга Ош шаарынын Амир-Темир жана Ферганская көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаада спирттик ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Кызматтык милдетин аткаруу үчүн барган милиция кызматкерлери Мурадыл Исраилов жана Кутман Калилов тарабынан спирт ичип отурган жарандар С.Н. жана Б.М. кармалып, наркология бөлүмүнө жеткирилген.
"Жеткирүү учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, алардын бири Исраиловго зомбулук көрсөтүп, бетке муштап, кызматтык кийимин айрып, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Окуянын жыйынтыгында кызматкер Исраилов баш мээнин жабык жаракатын алып, медициналык экспертизанын корутундусу менен жеңил жаракат алган деп табылды. Бул факт боюнча С. Н. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бейбаштык, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр14-майга чейин камакка алынышты", - деп билдиришти мекемеден.