АКШ менен Украина жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюшту 

АКШ менен Украина жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигине шилтеме берүү менен Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

"АКШ менен Украина 30-апрелде биргелешкен инвестиция жана реконструкция фондун түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул Украинанын коргоонуусуна америка элинин көрсөткөн олуттуу каржылык жана материалдык жардамынын белгиси болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, келишимдин алкагында эки тараптуу инвестициялык фонд түзүлүп, анын каражаты Украинаны калыбына келтирүүгө жумшалышы күтүлүүдө.

Ал эми Украинанын вице-премьер-министри Юлия Свириденко Вашингтон менен Киевдун укугу ресурстар боюнча келишимде тең каралганын жана инвестициялык фонддун кирешеси он жылга чейин бөлүнбөй турганын билдирген.

Келишимдин негизги шарттары:
  • Жаңы түзүлгөн фонд ресурстарды казуу жана аны иштетүүгө инвестиция жасайт;
  • Инвестиция Украинага гана жасалат;
  • АКШ инвестициялык фондго акча салса болот, бул Украинага көрсөтүлүүчү жаңы жардамдардын алкагында да жасалышы мүмкүн;
  • Инвестфонд Жер казынасы боюнча долбоорлор чөйрөсүндөгү жаңы лицензиялардын кирешелеринин эсебинен толукталат;
  • АКШ келишими Жогорку Рададан ратификациядан өтүшү керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан