62 жаштагы орусиялык ырчы Григорий Лепс жай айына пландаган 19 жаштагы сүйүктүүсү менен үлпөт тоюн карыздын айынан белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу "Комсомольская Правда" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Лепс Москва шаарына бар ачуу үчүн 300 миллион рубль карыз алган. Мындан улам ал сүйүктүүсү каалаган үлпөт тойду жай айында өткөрө албай турганын кошумчалаган.
"Той жай айында болот, бирок кайсы жылы экени белгисиз", - деген Лепс.
19 жаштагы Аврора Киба менен 62 жаштагы Григорий Лепс биринчи жолу былтыр жайында Муз-ТВ телеканалынын сыйлык тапшыруу аземинде эл алдына чогуу чыгышкан. Ошондон кийин алардын үйлөнүү үлпөтү тууралуу кептер чыгып, Лепс өзү да аны тастыктаган.