Бүгүн, 1-майда Бишкектен аймактарга кеткендердин саны көп болуп, "маршрутка" же таксилер аз болууда. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка ылайык, Бишкектин четиндеги ("Дордой" тараптагы) жаңы автовокзалда кардарлар көп, бирок коомдук унаалар жок. Айрым такси айдоочулар учурдан пайдаланып жол кирени көтөрүп жиберишкени айтылат.
Ошондой эле телеграм каналдарда дагы аймактарга жүргүнчү ташыган унаалар аз болуп, жүргүнчүлөрдүн саны көп экени маалымдалууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-майдан 12-майга чейин эс алуу болот.