Эстрада ырчысы Ильяз Андаш уулдуу болду. Мындай жакшы жаңылыгы менен ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Сүйүнчү, достор! Уулдуу болдук. Аллахыма шүгүр, эмне деген бакыттарга бизди жеткирип жатат. Кыргызымдын керегине жараган азаматтардан болсун", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, ырчы ушуну менен үч балага ата болду.