Биз социалдык тармакта

УКМК Лебединовканын мурдагы айыл өкмөт башчысын кармады 

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл аймагынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көптөгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталды. Бул тууралуу 1-майда УКМК кабарлады.

"Жалпы аянты 23 гектардан ашуун жер тилкелерин мамлекеттик баланска кайтарып берди. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Ч.Б.А. 1992-2012-жылдар аралыгында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын башчысы кызматын ээлеп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Чүйдүн Аламүдүн районунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан көп сандаган жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Учурда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан