Борбордук шайлоо комиссиясы мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитов сотто өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилди. Анын соттогу видеосу социалдык тармактарга тарады.
Андагы видеого караганда, Айжигитов отурган жеринен столго жыгылган. Буга чейин анын колдору көгөрүп ооруканада жаткан сүрөтү интернетке тараган. Өз кезегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов "Айжигитов сабалды" делген маалыматты четке какты.
"Колундагы көк ала кармоо учурунда ыкчам кызматкерлерге баш ийбей каршылык көрсөтүп, машинеге отурбай жулкулдашып жатканда пайда болгонун айтты. Ал эми кашын кантип, кандай ыкма менен жарып, анан сүрөткө тартып чыгарганы бул видеодон көрүнүп турат. Бөгөт чарасы каралганы келген сот залында Айжигитов өзү негедир столду сүзүп көргөн жана андан соң аны ооруканага алып барышкан”, - деди Рахманов.
УКМК бул боюнча маалымат бере элек.
Айта кетсек, буга чейин Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатканы кабарланган.