Вокзалдагы жык-жыйма эл: Бишкектеги автобустар аймактарга каттамга чыкты

Нарын жана Ысык-Көл облустарына жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөнүнө байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортторду аймактарга жөнөттү.

Май айындагы майрам жана дем алыш күндөрүнө байланыштуу борбордон аймактарга кеткен жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн. Алсак, 30-апрелде эле "Бишкекавтобекети" муниципалдык ишканасынан 3500дөн ашык адам өлкөнүн түндүк аймактарына – Нарын жана Ысык-Көл облустарына жөнөп кетишкен.

Мэрия аймактар ​​аралык каттамдарды тейлеген кичи автобустар жеке ташуучулар экенин жана жүргүнчүлөрдүн аздыгынан алар Бишкекке кайтып келбей жатканын билдирди. Жол кирени жасалма жол менен көтөрүү аракеттери да катталган. Буга байланыштуу 1-май күнү автобекетте транспорттун тартыштыгы жаралган.

"Бишкек мэриясы тарабынан бул маселени чечүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча 10 автобус жөнөтүлдү. Андан соң Балыкчы шаарынан жүргүнчүлөр кичи автобустар менен Ысык-Көл облусунун түндүк жана түштүк аймактарына ташылып жатат", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан