Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдан өлкөгө 20 жаран депортацияланганын билдирди. Бул тууралуу 1-майда ТИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Андагы маалыматка караганда, Нью-Йорк–Ташкент–Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын 20 жараны өлкөгө кайтып келген.
ТИМ Вашингтондун маалыматына таянып, алар "Америка Кошмо Штаттарынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу камалып, атайын мекемелерде кармалып турушканын" белгиледи.
"Бардык иммиграциялык жол-жоболор, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин, алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген", - деп билдирди ТИМ.
Белгилей кетсек, 30-апрелде АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан барып мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялаган. Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган 131 мигрантты өлкөдөн чыгарган болчу.