Израиль Дамасктагы президенттик сарайдын жанына сокку урду

Израилдин согуштук учактары ​​Сириянын лидери Ахмед аш-Шараанын Дамасктагы сарайынын жанына сокку урду. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.

"Бул Сирия режими үчүн ачык белги. Биз Дамасктын түштүгүнө аскерлердин жиберилишине же друз коомчулугуна коркунуч жаратуусуна жол бербейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

30-апрелде Дамасктын түштүгүндө, негизинен друздар жашаган Сахная шаарында Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн куралдуу топтору менен друз кошуундарынын ортосунда кагылышуулар башталган.

Сириядагы друз коомунун лидери Хикмат аль-Хижри друз калкын өкмөтчүл топтордун чабуулдарынан коргоо үчүн тез арада эл аралык күчтөрдү киргизүүгө чакырды. Өз кезегинде Сирия өкмөтү бийликтин коопсуздук күчтөрү куралдуу кагылышууга катышпаганын жана тартипти орнотуу үчүн жиберилгенин билдирген.

Сирияда бийлик алмашкандан бери Израиль друздарды коргоо боюнча бир нече жолу билдирүү жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан