Социалдык тармактарда сатылып жаткан көк өрүктүн видеосу тарады. Видеодон кадимки жер-жемиш, мөмөлөр сыяктуу көк өрүк да сатылып жатканын көрүүгө болот.
Айрым интернет колдонуучулары, бир килограмм көк өрүктүн баасы базарларда 300-400 сом болуп жатканын жазышкан.
Мындай көрүнүштү айрымдар "бышкан өрүктүн баасынан дагы кымбат", "өрүк бышпай эле түгөнүп кала турган болду" деп сынга алышса, айрымдары кайсыл жерде сатылып жатканына кызыгышкан.