
Кыргызстандык окуучулар Сараево шаарында өткөн 42-Балкан математика олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, олимпиадага 23 өлкөдөн 143 окуучу катышкан. Ал эми алты окуучудан турган Кыргызстандын командасы бир күмүш, төрт коло медаль утту.
Катышуучулардын жыйынтыктары:
Бобрус Ян – күмүш медаль 9-класстын окуучусу.
Эшперов Нурсултан – коло медаль, 11-класстын окуучусу.
Капаров Нурдөөлөт – коло медаль, 11-класстын окуучусу.
Киргизбаев Назар – коло медаль, 11-класстын окуучусу.
Султан Мусаходжаев – коло медаль, 9-класстын окуучусу.
"Кыргызстан бул олимпиадага жетинчи жолу катышууда. Окуучуларыбыз жалпысынан бул олимпиададан 12 медаль утушкан", - деп билдирди министрлик.