Курск аймагындагы салгылашууда Түндүк Кореянын 600дөй жоокери каза болгон. Бул тууралуу Reuters агенттиги Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын маалыматына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Түндүк Корея бийлиги жаңжал болгон аймакка жалпысынан 15 миң аскер кызматкерин жөнөткөн. Ошол эле учурда түндүк кореялык жоокерлердин жалпы жоготуулары жарадарларды жана каза болгондорду кошкондо 4700гө жакын адамды түзгөн.
Мындан тышкары, түндүк кореялык жоокерлер дрон сыяктуу жаңы куралдарды колдонууга көнгөнү кошумчаланды.
Орусия Курск аймагындагы салгылашууларга Түндүк Корея армиясынын аскер кызматкерлери катышканын расмий түрдө 26-апрелде билдирген. Көп өтпөй Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын да Түндүк Корея аскерлери Орусиянын аймагындагы аскердик операцияларга катышканын ырастаган.