Facebook социалдык тармагынын Сагын Сагынов аттуу колдонуучусунун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тууралуу тараткан билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу калаа башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Калаа башкармалыгынын маалымат кызматы социалдык тармакта Токторбаевдин сүрөттөрүн пайдалануу менен "шаар башчысы 2027-жылда боло турган президенттик шайлоого өз талапкерлигин коёрун айтты" деген өңүттөгү тарап жаткан маалыматтар калп жана чагымчылдык мүнөздө экендигин белгиледи.