Өлкөгө тооктун жумурткасын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Себеби

Кыргызстанга тооктун жумурткасын ташып келүүгө 6 айга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-майдан тартып жарым жылга чейин (6 ай) өлкөгө жумуртка импорттоого болбойт.

Министрлик 10-февралдан ушул күнгө чейин өлкө аймагына коңшу мамлекеттерден жумуртка импорттолбогонун, тескерисинче, 2025-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан бир эле коңшу Казакстанга 8 миллион 812 даана жумуртка экспорттолгонун белгиледи.

Айыл чарба министрлиги мындай чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана товардын базардагы баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле өлкөдө ири жана чакан тоок фермаларынын ортосундагы атаандаштыктан улам тооктун жумурткасы көбөйүп кеткенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан