Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы эл ташыган автобустун терезесинен секирип кеткен эки баланын видеосун жарыялады.
Ишкана окуя 30-апрель күнү саат 18:30-19:00 чамасында 146-каттамдагы автобуста болгонун белгилеп, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тартипти сактоого чакырды. Видеодон автобус жолдун ортосунда токтоп турганда эки бала терезеден секирип чыгып кеткенин көрүүгө болот. Буга күбө болгон коомдук транспорттун ичиндеги адамдар да алардын кылыгына реакция кылган эмес.