Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы эрте бышуучу өрүктөр бышты. Мындай видео менен аталган аймактын жашоочулары бөлүштү.
Видеодон жазгы өрүктөрдүн мөмө берип, алардын бышып калганын көрүүгө болот.
"Айыл чарба министрлиги тарабынан сунушталган приция сортундагы өрүктөр бышты. Бул Түркиядан алынып келинип, 2023-жылы апрель айында отургузулган. Быйыл экинчи жылы мөмө берип жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 10 күн эрте бышты", - деген видеонун автору.