"Батирлерин сатып". Бишкекте ири алдамчылыкка шектелгендер кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 38 жана 47 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалымдагандай, милицияга февраль айында арыз түшкөн. Арыз ээси шектүүлөр ишеничине кирип, калаадагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөгү батирлерин сатып жибергенин жана ошондой эле унааларын тартып алганын айткан. Жабырлануучу 75 миллион 527 миң 733 сом зыянга учураган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык ) менен кылмыш иши козголгон. Алар кармалып, эки айга камакка алынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан