"Унааларды Орусияда сатып, күрөөгө койгон". Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Алдамчылыкка шек саналып 45 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 30-ноябрда Чүй облустук милициясына бир адам арыз менен кайрылган. Ал шектүү "унааларыңды Орусияга алып барып сатып берем" деген шылтоосу менен ишенимине кирип, BMW X5 жана 3 даана L7, L9 үлгүсүндөгү унааларын алганын, бирок ошол бойдон из жашырып кеткенин айткан. Шектүү анын BMW X5 унаасын Орусияда 11 миллион рублга сатып, калгандарын ошол жактагы күрөөканага коюп салган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген Ош облусунун Ноокат шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалып, Чүйдүн Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан