Садыр Жапаров кытай-канадалык ишкер Чжаого өрүк комуз тартуу кылды (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого өрүк комуз белек кылды.

Маалым болгондой, мамлекет башчы ага кыргыздын улуттук музыкалык аспабын кечээ, 3-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордодо" тартуу кылган. Аталган маданий борборда конок үчүн концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак да уюштурулган.

Анын алдында Жапаров менен Чжаонун Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкууланган жолугушуусу болгон. Анда ага Кыргызстан президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчисинин күбөлүгү тапшырылган.

Айта кетсек, Чанпэн Чжао – кытай-канадалык ишкер. Ал 2017-жылы Binance компаниясын негиздеген. Компания кыска убакытта соода көлөмү, өтүмдүүлүк жана колдонуучулардын саны боюнча тармактагы лидерге айланган. 2020-жылы Binance смарт келишимдер колдоосу менен блокчейнди – Binance Smart Chain (BSC) ишке киргизген. Кийинчерээк аталышы BNB (Build and Build) Chain деп өзгөртүлгөн.

04.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан