Бишкектеги колледжде миллиондогон сом кымырууга шектелип 2 аял кармалды 

Бишкектеги колледждердин биринде миллиондогон сом кымырууга шектелип эки аял киши кармалганын шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь айынан 2023-жылдын декабрь айына чейин башкы эсепчи менен кассада отурган жаран алдын ала сүйлөшүп алышып, колледждин мүлкүн жана акча каражаттарын өз кызыкчылыктарына жумшашкан. Келтирилген чыгымдын көлөмү 29 миллион 69 миң 573 сом деп бааланган. Бул сумма колледжге аудитордук текшерүү жүргүзгөндө да аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн (Ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү делген 46 жана 42 жаштагы аялдар соттун чечими менен 2 айга камакка алынышкан. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан