Кайгуул милициясы кыргызстандыктарды кичинекей Нурелден үлгү алууга чакырды (видео)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 5 жаштагы Нурел аттуу баланын видеосун жарыялап, кыргызстандыктарды үлгү алууга чакырды.

Башкармалык ноокаттык кичинекей бала жол белгилерин толугу менен жатка билерин белгиледи.

"Нурел – биздин кичинекей баатыр! Бул жөн гана оюн эмес. Бул деген келечектин коопсуздугуна салым. Жол эрежелерин бала кезден үйрөнүү – чоң адаттардын пайдубалы.

Ар бир ата-эне, ар бир мугалим балдарга көңүл буруп, колдоп турса, келечек коопсуз болот. Келгиле, Нурелдин мисалынан шыктанып, балдарыбыз менен бирге жол белгилерин үйрөнөлү", - деп айтылат билдирүүдө.

04.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан