Өлкө башчы Садыр Жапаров Binance криптовалюта платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдон кыргыздын салттуу улуттук оюндары жана маданий мурастары менен тааныштырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 4-майда уюштурулган иш-чарада конокторду төкмө акындар тосуп алган. Андан соң делегация кыргыз элинин бай этномаданий мурасы менен таанышкан.
"Атайын уюштурулган этнографиялык экспозициянын алкагында салттуу боз үйлөр, элдик кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, жасалга-колдонмо искусство буюмдары, улуттук тамак-аш, ошондой эле көчмөндөр цивилизациясынын тарыхый-маданий жашоосунун өзгөчөлүктөрүн чагылдырган улуттук кийимдер коюлган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле конокторго ат жана аңчылык оюндарынын улуттук түрлөрү, анын ичинде салбуурун, жаа атуу, бүркүт салуу, эр эңиш жана көк бөрү оюндары көрсөтүлгөн.
Айта кесек, Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Чолпон-Атага кечээ, 3-майда келип, Садыр Жапаров менен жолугушкан. Анда ага Кыргызстан президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчисинин күбөлүгү тапшырылган. Андан соң президент аны "Рух-Ордо" маданий борборуна алып барган.
Бүгүн жаңы түзүлгөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны болуп, отурумга катышкан Чжао кеңештин мүчөлүгүнө кабыл алынды.