Бүгүн, 4-майда Тышкы иштер министрлиги Вьетнамдан Нячанг шаарынан Бишкекке учуп келе жаткан учак Индиянын Калькутта шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болгонун билдирди.
Министрлик конуу май куюу жана учуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгонун белгилеп, жүргүнчүлөрдүн арасында 163 кыргызстандык бар экенин маалымдады.
ТИМ алар мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш жана бардык зарыл болгон шарттар менен камсыздалганын, кечке маал өлкөгө учуп келишерин кошумчалады.